Кыргызстан менен Өзбекстан санариптик тармакта кызматташууну улантууда
Министр Азамат Жамангулов өзбекстандык UZINFOCOM IT-компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо, электрондук кызмат жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле жасалма интеллект, финтех, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында санариптик чечимдерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар биргелешкен ишти улантуу, анын ичинде билим алмашуу жана санариптештирүүнүн жаңы этаптарын баштоо боюнча макулдашышты.
