Кыргызстан менен Индия онкологиялык жардамды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыгын чыңдоодо
27 июль

Кыргызстан менен Индия онкологиялык жардамды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыгын чыңдоодо

Бүгүн, 2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда «Бабатрон» аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Жаңы булактын тапшырылышы жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жана онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн өтө маанилүү болгон нур терапиясынын жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул демилге Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгынын кезектеги практикалык жыйынтыгы болуп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги мурда белгилегендей, Индия менен кызматташтык онкологияны өнүктүрүүнү, медициналык кадрларды даярдоону, заманбап технологияларды киргизүүнү жана медициналык инфраструктураны жаңылоону камтыйт.

Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев учурда нур терапиясы үчүн колдонулган бардык аппараттар иштеп жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө эки сызыктуу ылдамдаткыч, «Бабатрон» аппараты, эки флекситрон жана башка адистештирилген жабдуулар пайдаланууда. Күн сайын эки сызыктуу ылдамдаткычта болжол менен 160 бейтап дарыланат. «Бабатрон» аппаратында суткасына 120га чейин бейтапты дарылоо пландалууда, «Терад» аппаратында 25ке жакын бейтап дарыланса, стационарда жаткан дагы 40тай бейтап күн сайын флекситрондордо дарыланууда.

Ал ошондой эле мамлекет тарабынан жогорку технологиялуу жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Республикалык бюджеттен сызыктуу ылдамдаткычтарды оңдоого 4 млн сом, керектүү запастык бөлүктөрдү сатып алууга 31 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2027-жылдан тартып нур терапиясы үчүн колдонулган бардык жабдууларды техникалык тейлөөгө жыл сайын болжол менен 18 млн сом бөлүү пландаштырылууда. Бул жабдууларды өз убагында тейлөөгө жана техникалык мүчүлүштүктөрдү ыкчам жоюуга шарт түзөт.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов заманбап медициналык жабдуулардын туруктуу иштешин камсыз кылуу адистештирилген онкологиялык жардамдын сапатын жогорулатуунун негизги шарттарынын бири жана саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Өз кезегинде индия тарап Кыргызстандын онкологиялык кызматын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин ырастады. Тактап айтканда, Кобальт-60 булагынын натыйжалуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин аны өз убагында алмаштырууга мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул «Бабатрон» аппаратынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кыргыз-индиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана онкологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптарга заманбап медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.