Баткен районунда кибер кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө
Баткен районундагы "К.Шадыбеков" атындагы Самаркандек милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Ак-Татыр айылында алдын алуу иш-чараларын активдүү жүргүзүшүүдө.
Милиция кызматкерлери эл каттоо иштерин электрондук планшеттер аркылуу жүргүзүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларда кибер кылмыштуулуктун жана жалпы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, технологиялык доордо пайда болуп жаткан жаңы коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү.
