Жылдыз Шеримбекова ЖК аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды
Жылдыз Шеримбекова КР Жогорку Кеңешинин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Жылдыз Шеримбекова 2012-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин «Эл аралык мамилелер» адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында иштөөдөн баштаган.
2015-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы, 2018-2022-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматтык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой эле 2022-2024-жылдары Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси, 2026-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын эксперти болуп иштеп келген.
