Жайнак Үсөн уулу төраганын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы
10 март

Жайнак Үсөн уулу төраганын санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Жайнак Үсөн уулу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Буга чейин ал КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Белгилей кетсек, Жайнак Үсөн уулу 2015-2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири.

Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015-2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.