Бишкекте Кыргыз Республикасында иондоштуруучу нурлануу боюнча калибрлөө лабораториясын түзүү долбоор талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын иондоштуруучу нурлануу боюнча калибрлөө лабораториясын (экинчи стандарттардын дозиметриялык лабораториясын – SSDL) түзүү маселеси боюнча тапшырмасын аткаруу максатында, 2025-жылдын 28–31-октябрь күндөрү Кыргызстандарттын базасында Сербия Республикасынан келген техникалык эксперттин, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар жолугушуулар жана иштиктүү жыйындар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын максаты – эл аралык талаптарга жана коопсуздук стандарттарына шайкеш лаборатория түзүү долбоорунун ишке ашырылышынын практикалык жактарын жана техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо болду. Сапардын программасынын алкагында Кыргызстандарттын Кара-Балта жана Токмок шаарларындагы аймактык борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-чаралары өткөрүлүп, келечектеги лабораторияны жайгаштыруу жана аны техникалык жабдуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, катышуучулар өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бириндеги өз тармагына тиешелүү – ядролук физика кафедрасына барып, радиациялык физика жана дозиметрия багытындагы илимий-окутуу ишмердүүлүгү жана учурда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр менен таанышышты.
Жыйынтыктоочу кеңешме Кыргызстандарттын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлүнүн жана мекеменин жетекчилигинин катышуусунда өтүп, анын жүрүшүндө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстанда иондоштуруучу нурлануу боюнча калибрлөө лабораториясын түзүү демилгесин ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталды.
Бул долбоорду ишке ашыруу иондоштуруучу нурлануу тармагында өлкөнүн улуттук метрологиялык камсыздоо системасын өркүндөтүүгө, радиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн илимий-техникалык потенциалын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
