Ош мэриясы
30 май
Ошто бир убакта дароо 16 көчө оңдолууда
И.Исанов көчөсүнөн Конур-Жаз көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери башталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн калаа башчысы Жанарбек Акаев аталган жолду баштоого старт берди. Жолдун узундугу 1800 метрди, кеңдиги 12 метрди түзөт.
Азыркы тапта асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө. Жол төрт тилкелүү болуп, бардык шарты менен заманбап жасалат.
Эске салсак ушу тапта Ош шаарында бир эле учурда 16 көчөдө жол жаңыланууда.
