Бишкек шаарында «Велосипед-Скутер» алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Бишкек шаарынын аймагында «Велосипед-Скутер» аталыштагы алдын алуу рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анын максаты – велосипеддер жана скутерлер менен байланышкан мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, аныктоо жана ачуу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери борбор калаадагы базарларда жана соода борборлорунда жайгашкан велосипед жана скутер саткан соода түйүндөрүн текшеришти.
Өзгөчө көңүл соода жайларынын ээлери жана сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө бурулду. Аларга мыйзамдарды сактоо зарылдыгы тууралуу маалымат берилди, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктү сатып алуу жана сатуу үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлдү.
Милиция кызматкерлери кылмыш жолу менен алынган мүлктү сактоо же сатуу фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесине (Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскерте кетишти.
