АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келди
АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, элчи Серджио Гор кыргыз тараптын чакыруусу боюнча Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.
Мындан тышкары, Серджио Гор 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия – АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат.
