Аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөргө мамлекеттик тилде милдеттүү түрдө маалымат берүү киргизилүүдө
27 июль

Аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөргө мамлекеттик тилде милдеттүү түрдө маалымат берүү киргизилүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги аба транспортунун жүргүнчүлөрүн тейлөөдө мамлекеттик тилди колдонууга карата талаптарды күчөтүүдө.

Мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу, жүргүнчүлөр үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу максатында, аба кемелеринин бортунда жүргүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде милдеттүү түрдө маалымат берүү тартиби белгиленди.

Бул талап Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынан жана анын аймагы боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү ташууларды жүзөгө ашырган бардык авиаташуучуларга, анын ичинде чет өлкөлүк авиакомпанияларга да жайылтылат.

Жүргүнчүлөр үчүн негизги кулактандыруулар, анын ичинде авариялык куткаруу жол-жоболорунун көрсөтмөлөрү жөнүндө маалымат, ошондой эле учуу коопсуздугуна байланыштуу башка зарыл маалыматтар мамлекеттик тилде берилиши керек. Мамлекеттик тилдеги маалымат авиаташуучу тарабынан колдонулган башка тилдердеги маалыматтын мазмунуна толугу менен шайкеш жана тең маанилүү болушу зарыл.

Авиаташуучулардын жетекчилерине белгиленген талаптын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде кулактандыруулардын тиешелүү тексттерин даярдоо тапшырылды.

Бул чара жүргүнчүлөрдүн мамлекеттик тилде толук жана жеткиликтүү маалымат алуу укугун камсыз кылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагында кызмат көрсөтүү стандарттарынын сапатын андан ары жогорулатууга багытталган.