Куванычбек Конгантиев , www
10 март
Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев мандатын тапшырды
Борбордук шайлоо комиссиясы 10-марттагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.
Боршайкомдун маалыматына караганда, эл өкүлү мандатып тапшыруу боюнча өз каалоосу менен арыз тапшырган.
Жыйындын жыйынтыгында Кубанычбек Конгантиевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ырастамасы жараксыз деп таанылды.
Белгилей кетсек, Конгантиев Бишкектеги №21 округдан депутат болуп шайланган.
