Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКлары журналистикада жасалма интеллектти колдонууну талкуулашууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКлары журналистикада жасалма интеллектти колдонууну талкуулашууда

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун жетекчилеринин форуму өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигинин биргелешкен демилгеси менен уюштурулуп жатат.

Ошондой эле форум ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналып, быйыл уюмга Кыргызстандын төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиевдин маалыматына ылайык, иш-чарага 26 өлкөдөн 200гө жакын делегат катышууда.

Анын айтымында, форумдун катышуучулары заманбап медиа чөйрөдө жаралып жаткан негизги чакырыктарды, анын ичинде санариптик технологияларды өнүктүрүү, киберкоопсуздук, жасалма интеллектти колдонуу, жалган маалыматтарга жана фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү, ошондой эле ШКУ алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашат.

“Мындай масштабдуу иш-чаранын дал ушул Кыргызстанда өтүп жатканына сыймыктанабыз. Форумдун жыйынтыгында пайдалуу идеялар жана сунуштар иштелип чыгат деп ишенем”, – деди ал.

Шерметалиев жолугушуунун негизги максаты ШКУ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖМК жетекчилери жана эксперттери арасында тажрыйба алмашуу экенин белгиледи. Форумдун жыйынтыгында кандайдыр бир документтерге кол коюу пландалбайт. Негизги жыйынтык – кесиптик диалог жүргүзүү жана мыкты тажрыйбалар менен бөлүшүү болот.

Жетекчиси белгилегендей, ар кайсы өлкөлөрдө маалыматты чагылдыруудагы ыкмалар айырмаланганы менен, мындай аянтчалар журналисттерге бири-биринин ийгиликтүү тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.