Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл убактылуу чектелет
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 июль

Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл убактылуу чектелет

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери аяктаганын маалымдайт. Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүк өткөргүч алмаштырылды.

Иштердин кийинки этабынын алкагында 26-июлда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук камерасынын эски жабуу плиталарын демонтаждоо, жаңы жабуу плиталарын орнотуу, жылуулук камерасын тазалоо жана жылуулук изоляциялоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Мэрия борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландаштырууну, убактылуу киргизилген чектөөлөрдү эске алууну жана жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.