
Нурланбек Шакиев иш сапары менен Санкт-Петербургга барды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 57-пленардык жыйынына катышары күтүлүүдө.