Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактысы токтотулду
7 май

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактысы токтотулду

2026-жылдын 5-май күнү Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына борбор калаада белгисиз жаран «жашыруун калтыруу» ыкмасы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатуу максатында) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган Б.У. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда андан кара түстөгү термоусадкалык пленкага оролгон синтетикалык баңгизат камтылган 43 даана түйүнчөктөр табылып, алынган.

Мындан тышкары, кармалган жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде мурда жасалган «жашыруун калтыруу» жайлары аныкталып, ал жерлерден дагы 50 даана түйүнчөктөр алынган. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 93 даана баңгизат салынган түйүнчөктөр алынды. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, алынган заттар синтетикалык баңгизат болуп саналат.