Невролог аутизм тууралуу: Баладагы белгилер дайыма эле көйгөй бардыгын билдирбейт, кээ бир учурда бул жандуу баарлашуунун жоктугу
Бүгүн, 2-апрель – аутизмдин көйгөйү тууралуу маалыматты жайылтуунун эл аралык күнү. Акыркы маалыматтарга таянсак, жылдан жылга аутисттик спектрдеги бузулуулары бар балдар көп төрөлүүдө. Учурда дүйнө калкынын 1 пайызын аутисттик бузулуулары барлар түзөт.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы балдар неврологу Асел Кадырованын айтымында, аутисттик спектрдеги бузуулулары бар балдар көп төрөлүүдө деп айтуу туура эмес, мындай балдардын саны өскөн жок, болгону адамдар бул бузулуу тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болушууда.
Ал дүйнөлүк кырдаалда аутизмдин жайылышын карай турган болсок, Кыргызстан мында лидерликке кирбей турганын жана көбүнчө Америкада катталаарын белгиледи. Айтымында, 2019-жылы Америкада жүз баланын бирөөсүнө аутисттик бузулуулар аныкталса, андан кийин 50 баланын бирөөсүндө байкалган, ал эми азыр 34 баланын бири аутист.
“Аутизмдин оор жана жеңил формасы бар. Жеңил формасында балдар коомчулукка кошула алат, адамдар менен алака-катыш түзө алат. Кээде бул балдардын ой жүгүртүүсүнө, гениалдуулугуна таң калууга туура келет. Аутизм – бул оору эмес, бул дүйнөнү башка көз караш менен көрүү, башкача айтканда, адамдын нейро өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү”, – деди ал.
Адис белгилегендей, ар бир бала төрөлгөндөн соң педиатрдын кароосунда болушу жана каттоого алынышы шарт. Андан ары баланын салмагы жана өнүгүүсү ар ай сайын байкаштырылат. Ошондой эле эмдөө алынат.
“Аутизмдин белгилеринин бири – баланын башкалардын көзүнө карай албагандыгы. Бирок бул дайыма эле аутизмдин белгиси боло бербейт. Айрым учурда бул баланын көз карашын убагында калыптандырбагандан да улам болот. Мисалы, бир айдан баштап эне баланын көз карашын калыптандырышы керек, кээде балага көзгө тике кароого жарык керектелет. Андан тышкары эне кооз көз айнек тагып, баланы өзүнө каратып, машыктырса болот.
Эгерде ушундай машыгуулардан кийин да баланын көз караш байланышы эки жашка чейин болбосо, биз анда коммуникация маселеси бардыгын айта баштайбыз.
Негизи баладагы өзгөчөлүктү ата-эне 2 жашында байкайт, эгерде дарыгерге бул маселе боюнча 3 жашында алып келсе, анда биз кеч келди деп айтабыз.
Мисалы, бизге баласын жүрүм-туруму башкача болуп жатат деп келген ата-энелерди алсак, 100 пайызында тең аутисттик өзгөчөлүк аныктала бербейт. Бул кээде жандуу байланыштын, баарлашуунун жоктугунун кесепети да болот. Баланын нерв системасы 2-3 жашында өнүгөт, ушул куракта ага эмнени сиңирсек, ал анда өмүр бою калат. Ооба, ата-энелер иштейт, бош убактысы аз, бирок балага жандуу баарлашуу, байланыш сөзсүз керек. Кээде ата-эне жандуу баарлашуунун ордуна балага башка альтернатива: гаджет, телевизор сунушташат, бул баланын өз убагында өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат”, – дейт невролог.
Адис ата-энелерди балага көңүл бурууга, ага китептеги жаныбарлардын, адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, ал тууралуу айтып берип турууга чакырды.
