Кыргызстан Березовскийдин Франциядагы сарайын сот аркылуу кайтарып берүүнү пландап жатат
Кыргызстан Францияда соттук доо арыз даярдап, мурда маркум орусиялык олигарх Борис Березовский менен байланышкан «Château de la Garoupe» аттуу сарайды кайтарып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Vesti.kg маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Антиб мүйүсүндө жайгашкан жана «миллиардерлер булуңу» катары белгилүү аймактагы бул мүлк мурда Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн атына убактылуу катталган. 2013-жылы Березовский каза болгондон кийин Бакиев сарайды өз атына каттата албай, кыймылсыз мүлк ээси жок бойдон калган.
Маалыматка караганда, Березовский сарайды 1996-жылы 8,4 млн еврого сатып алган. Вилла 100 миң чарчы метрден ашык аянттагы жер тилкесинде жайгашып, түздөн-түз деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 2001-жылы олигарх коңшу жайгашкан дагы бир вилланы жана жер тилкесин дээрлик 13 млн еврого сатып алган. Жалпысынан бул аймактагы анын кыймылсыз мүлкүнүн баасы 74 млн евро деп бааланат.
Юстиция министрлиги бул объект Максим Бакиев тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген деп эсептеп, аны мамлекетке кайтарып алуу максатында Франциянын сотторуна доо арыз берүү үчүн бардык керектүү документтерди даярдаганын билдирди.
