Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди
Министрлер кабинети
22 июнь

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, эртең 23-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.

Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.