Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарбынан социалдык тармактар аркылуу акча талап кылган шектүү кармалды
17 сентябрь

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарбынан социалдык тармактар аркылуу акча талап кылган шектүү кармалды

2025-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБге А.С. атту жжаран арыз менен кайрылган. Арызында, үстүбүздөгү жылдын жай айында белгисиз адам “Instagram” социалдык тармагы аркылуу байланышып, банк карталарын сатуу боюнча жумуш сунуштаган. Бирок А.С. мындай мыйзамсыз ишке аралашуудан баш тарткан. Ошол убактан баштап, белгисиз адамдар чет элдик номерлерден чалып, коркутуу жолу менен андан 500 000 сом акча талап кыла башташкан. Алынган маалыматтар боюнча, бул адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болушкан.

Аталган факт боюнча Биринчи Май райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө, WhatsApp жана Instagram мессенджерлери аркылуу шектүү катары 2002-жылы туулган М.Т. аныкталып, жабырлануучудан опузаланган акчаны алып жаткан учурунда кармалган.

Шектүү, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө иштери улантылууда.