Адылбек Касымалиев: Мен төрагалыкка дайындалганда президент алдыма 3 негизги тапшырма койгон
18-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин аталган кызмат ордуна дайындалганына бир жыл болду. Буга байланыштуу ал ЭлТР телеканалына маек куруп, бир жыл ичинде жасалган иштердин орчундууларына токтолду.
Касымалиевдин айтымында, ага президент Садыр Жапаров 3 негизги тапшырма койгон:
1. Акыркы 2-3 жылда өсүү темпи 9 пайызды түзгөн ИДПны ошол ыргакта кармоо.
2. Инвестиция тартып келүү.
3. Элдин жашоо-шартын жакшыртуу.
МинКаб төрагасы жумушун ушул багытка арнаганын белгилеп, жүзөгө ашырылган көптөгөн иштердин арасынан негизги багыттарды бөлүп көрсөттү:
“Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстандын 2021-2026-жылга карата өнүктүрүү стратегиясы бар болчу. Бирок биз 2026-жылга коюлган милдеттерди алдын ала аткарып койдук. Ошондуктан 2030-жылга карата тез арада улуттук өнүктүрүү программасын кабыл алуу керек болду, аны кыска мөөнөттө иштеп чыгып, президенттин жарлыгы менен бекитип алдык. Учурда Министрлер Кабинетинин бул боюнча иш-чара планын даярдап бүтүп калдык, буйруса, 2026-жылдан тартып аны баштайбыз.
Экинчиден, экономиканын темпи жогорулаган сайын, жыл сайын аны ошол бойдон кармоо кыйын болуп калат. Мындан улам бюрократиядан арылууну баштадык. Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун жетекчисин дайындап, ага менин орун басарым катары макам берилди. Биз алар менен 3 багытта иштедик:
- нормативдик-укуктук актыларды толук карап, бюрократиялык маселелерди жоюу;
- мамлекеттик органдардын функцияларын карап чыктык, себеби бир функцияны бир нече мамлекеттик орган аткарат, а жоопкерчилик бирөөндө эле болууга тийиш;
- чоң реформага баратканда жогорку даражадагы мамлекеттик жетекчилерди коргоого алуу зарылчылыгы жаралды, анткени алар реформага коркпой барышы керек. Ага ылайык, нормативдик-укуктук актылар каралды”, - деди МинКаб төрагасы.
Айтымында, 39 мыйзамга өзгөртүү даярдалган жана анын 19у кабыл алынган. Министрлер Кабинетинин 60тан ашуун чечими бар жана анын 28и кабыл алынды.
