Алайда опузалап акча талап кылган айыл башчы кармалды
Алайда айыл башчы жарандан опузалап акча талап кылып, белгиленген акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
2025-жылдын 5-ноябрь күнү Алай РИИБге Ош областык прокуратурасынан опузалап талап кылуу боюнча материал келип түшкөн. Анда 1958-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандан Алай районунун айылдарынын биринин башчысы 1969-жылы туулган Т.К. аттуу жаран 1,0 га болгон чөп чабынды багытындагы жер тилкесин талашып, аны иштетүүгө ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, 65 миң сом акча опузалап талап кылып келгендиги белгиленген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.
Алай РИИБдин жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2026-жылдын 9-март күнү Алай районунун айылдарынын биринин башчысы 1969-жылы туулган Т.К. аттуу жаран опузалап талап кылган акчанын 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
