ИИМ: Аскерлерге «Бейиш - 2. Апама кат» тасмасы көрсөтүлдү
ИИМдин Ички аскерлеринин № 7702 аскер бөлүгүндө аскерлер кызматкерлер үчүн «Бейиш - 2. Апама кат» аттуу көркөм тасманын көрсөтүүсү уюштурулду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Иш-чара аскер кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө, моралдык-психологиялык духун көтөрүү, ошондой эле ата мекендик кино өнөрүнүн өкүлдөрү менен кызматташууну өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Тасма абдан таасирдүү болуп, анда эненин балага болгон чексиз мээрими, апалык сезими жана кусалыгы терең чагылдырылган.
Иш-чара аяктагандан кийин тасманы көрсөтүүнү уюштургандарга жана башка конокторго ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.
КР ИИМ
