Бишкекте милицияга "бомба бар" деген 15тен ашуун билдирүү түшкөн
22 июнь

Бишкекте милицияга "бомба бар" деген 15тен ашуун билдирүү түшкөн

22-июнда Бишкек шаарында бир катар мамлекеттик мекемелер жана уюмдар жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүүлөрдөн улам эвакуацияланды.

"Бомба" тууралуу акыркы билдирүүлөрдүн бири Москва көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин имаратына түшкөн. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн окуя болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана башка шашылыш кызматтардын өкүлдөрү келишти.

Буга чейин ушул эле күнү текшерүүлөр «Манас» эл аралык аэропортунда, «Учкун» имаратында, Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлиги жайгашкан Эски аянттагы Өкмөт үйүндө, ошондой эле борбор калаадагы башка бир катар объектилерде жүргүзүлгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, эвакуация Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана «Госстрахтын» кеңселерин да камтыган. Имараттарда милиция кызматкерлери, сапёрлор жана кызматтык иттери бар кинологдор иш алып барышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жогорку Кеңештин имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди. Буга чейин парламенттин басма сөз кызматы эвакуациялык иш-чаралар машыгууларга байланыштуу болгонун маалымдаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Манас» аэропортунан кооптуу буюмдар табылган эмес. Калган объектилердеги текшерүүлөр күн бою улантылат.

Учурда укук коргоо органдары жалган билдирүүлөрдү жөнөткөн адамдардын өздүгүн аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.