КР ТИМде эл аралык укук боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү
17 сентябрь

КР ТИМде эл аралык укук боюнча кыргыз-орус консультациялары өттү

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Россиянын Тышкы иштер министрлигинин 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына ылайык, эл аралык-укуктук маселелер боюнча эки тараптуу кызматташуу боюнча консультациялар өттү.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин директору А.Ж.Тультемиров, ал эми Россия делегациясын Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Укуктук департаментинин директору М.В. Мусихин жетектеди.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык-укуктук маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты, көп тараптуу уюмдардын алкагында ишти координациялоону макулдашты, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын эл аралык келишимдерге тиешелүү мыйзамдарынын учурдагы абалы боюнча маалымат алмашышты.