Кыргызстанда жарым жылда карантиндик зыянкеч организмдердин 10 түрү аныкталды
19 август

Кыргызстанда жарым жылда карантиндик зыянкеч организмдердин 10 түрү аныкталды

Айыл чарба өсүмдүк продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында, 2026-жылдын 6-айына өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларына жалпы – 12078 даана үлгү түшкөн, анын ичинен:

- импорттук карантинге алынган продукциядан 7005 даана үлгү;
- экспорттук карантинге алынган продукциядан 3725 даана үлгү;
- изилдөө иш-чараларынан 683 даана үлгү;
- кайрылулар боюнча 448 даана үлгү.

Жалпы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар 2026-жылдын 6-айында 28767 экспертиза жүргүзгөн, экспертизанын жыйынтыгында 10 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган (Сойломоо кекире, сары чырмоок, кызыл карагай мурутчаны, чие чымын, томат күбөсү, төрт тактуу буурчак коңузу, сабак дат оорусу, алтын түстүү картошка нематодасы, калифориния жана тыт калканчысы).

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларында айыл чарба продукциялар зыянкечтерге, илдеттерге, отоо чөптөргө жана нематодого экспертизаларды жүргүзөт.