Ош мэриясы Европа Биримдиги менен кызматташуусун өнүктүрөт
19 декабрь

Ош мэриясы Европа Биримдиги менен кызматташуусун өнүктүрөт

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардын өнүгүүсү, климатка ыңгайлашкан инфраструктураны жакшыртуу, билим берүү жана социалдык тармактагы долбоорлор боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Европа Биримдиги менен келечектеги биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.