Жаңы-Арык айылынын 76 жаштагы тургуну куткаруучулар тарабынан табылды
2026-жылдын 17-август күнү, Каракол шаарынын Пристань дачасында 1950-ж.т. Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Ш. А. аттуу жаран көл жээкте балык кармап отуруп басып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 18-август күнү 112 кызматына түшкөн.
Жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө Каракол шаары боюнча ӨК бөлүмүнөн 25 куткаруучу, туугандарынан төрт адам жана Ак-Суу райондук РИИБден 6 кызматкер тартылган.
Издөө иши көлдүн ичинен жана жээгинде ошондой эле дрондун жардамы менен да жүргүзүлгөн.
