Ош ОИИБ: Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар кармалды
Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 3 жаранды кармады.
Ош ОИИБ менен Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлерине чет өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына кайтарууда турган чек араны бузуп, Кара-Суу районунун аймагындагы айылдардын биринде жашырынып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары коңшу өлкөлөрдүн биринин 2000-жылы туулган Ш.Б. аттуу жараны кармалып, сот тарабынан камакка алынды.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ушул эле берене боюнча дагы 2 кылмыш иши козголуп, шектүү катары дагы коңшу өлкөнүн 2 жараны кармалды.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү уюштурган жаран аныкталып, ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда окуяга тиешеси бар атуулдардын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
