Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүүнү кармады
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматына Биринчи май району аймагында белгисиз адамдар синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 2004-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жаранды жеке тинтүү учурунда шымынын чөнтөгүнөн синтетикалык баңгизатка мүнөздүү жыты бар, кара түстөгү термоусадкалык плёнкага оролгон 3 даана ором табылып, алынган.
Мындан тышкары, кармалган жаран мурда өзү жашырган жерлерин ыктыярдуу көрсөтүп берген, ал жерлерден ушул сыяктуу баңгизат заттары салынган 27 даана ором алынган. Алынган баңгизат каражаттарынын жалпы салмагы 57,39 граммды түзгөн.
Шектүү Ч.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан тергөө иш-чаралары улантылууда.
