Түркиянын вице-президенти "Ата-Бейит" комплексине барды
17 сентябрь

Түркиянын вице-президенти "Ата-Бейит" комплексине барды

Кыргызстанга расмий сапар менен келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун коштоосунда вице-президент Жевдет Йылмаз 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар, ошондой эле кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду.

Белгилей кетсек, бүгүн Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди.

Сапардын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.