Бишкек – Токмок каттамына кошумча кичи автобустар коюлду
3 февраль

Бишкек – Токмок каттамына кошумча кичи автобустар коюлду

Бишкек – Токмок багытындагы жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус каттамдарына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, социалдык тармактар аркылуу кечки саат 19:00дөн кийин Бишкек – Токмок каттамында кичи автобустар жүрбөй, жүргүнчүлөр такси кызматын пайдаланууга мажбур болуп жатканы тууралуу арыздар түшкөн.

Аталган каттамдарга мониторинг жүргүзгɵн учурда жума жана ишемби күндөрү Бишкектен Токмокко каттаган жүргүнчүлөрдүн саны адаттагыдан кɵп болгондугу аныкталган.

Бул маселени чечүү максатында 2-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти №350 жана №353 маршруттук каттамдарды тейлеген ЖЧКлардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөрү, ал эми кечки саат 20:00дөн кийин жүргүнчүлөр азайып, айдоочулар чыгымын жаба албай жатканы айтылды.

Жыйынтыгында, каттамдардын жетиштүү санын камсыз кылуу жана жүргүнчү ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн, зарыл болгон учурда бекитилген ырааттамадан тышкары кошумча кичи автобустар коюлуп, рейстердин саны көбөйтүлдү.