Вьетнамдын вице-президенти Кыргызстанга иш сапары менен келди
Министрлер кабинети
30 август

Вьетнамдын вице-президенти Кыргызстанга иш сапары менен келди

Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды.

Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан "ШКУ плюс" форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Вьетнамдын вице-президентине  Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.