Кыргызстан менен Япония кадрларды даярдоо маселесин талкуулады
23 январь

Кыргызстан менен Япония кадрларды даярдоо маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте директор Элчибек Жантаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тараптар кадрдык потенциалды өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты, өзгөчө JICA жана JICE менен биргеликте ишке ашырылып жаткан JDS стипендиялык программасынын жыйынтыктарын талкуулашты.

Маалымдалгандай, JDS долбоорунун алкагында 20-топ боюнча магистратура жана докторантура программаларына адистер даярдалып, Япония Өкмөтү 399 млн иен грант бөлгөн. 2006–2025-жылдары Японияда 327 кыргыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери, ошондой эле “Жаш лидерлер” программасы аркылуу 28 адис билим алган.

Жолугушууда JDS программасынын квотасын жана “Жаш лидерлер” программасын квотасын кеңейтүү сунушталды.

Элчи Хирано Рюити жапон тарапка тиешелүү сунуштарды жеткирүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынтыгында 2026-жыл эки тараптуу кызматташтык үчүн маанилүү жыл экени белгиленип, JDS программасынын 20 жылдыгы жана JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленери айтылды.