Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул Мыйзамдын максаты жарандардын кайрылуулары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына кайрылууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
Алсак, ушул Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине:
жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү ченем менен толуктоо (4351-берене);
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:
- “электрондук кайрылуу” түшүнүгүн тактоо;
- ушул Мыйзамдын күчүнүн чектерин конкреттештирүү;
- кайрылууларды берүү мөөнөттөрүн аныктоо;
- жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптарды толуктоо;
- электрондук почта боюнча келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартибин деталдаштыруу;
- “кайра кайрылуулар” түшүнүгүн жана аларды кароо тартибин корректировкалоо;
- кайрылууларды кароосуз калтыруу учурларын кеңейтүү.
