Талас облусунда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата бир катар объекттер колдонууга берилет
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Талас облусунда жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, анда Жумаев облус кире беришиндеги арканын реконструкциясы, респойнттун курулушу, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле облус башчысы Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында жаңыдан курулуп жаткан муниципиалдык туристтик аймактын курулушу менен таанышты.
Мындан тышкары, ал “Манас Ордо” улуттук комплексиндеги курулуш жана реконструкция иштеринин сапатын текшерип, жеринде облустук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте көйгөйлөрдү чечти.
Андан сырткары, “Манас Ордо” улуттук комплексинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан усталар менен жыйын өткөрүп, бардык курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүгө үндөдү.
“Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө Талас облусуна насип болуп жатат. Мындай жоопкерчилик элибиз жана облусубуздун тургундары үчүн сыймык болушу керек. Анткени эгемендүүлүк майрамын белгилөө менен катар Талас облусунда бир катар ири инфраструктуралык, социалдык, маданий, чарбалык жана туристтик багыттагы курулуштар жүрүп, облусубуз Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун каржылык колдоосунун негизинде өнүгүп жатат.
