Түркиянын вице-президенти расмий сапары менен Кыргызстанга келди
17 сентябрь

Түркиянын вице-президенти расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.

"Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү. 

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.