Адылбек Касымалиев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
17 сентябрь

Адылбек Касымалиев ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрына пландаштырылган ТМУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.