Нарын милициясы эл аралык жана ички издөөдө жүргөн жарандарды кармады
21 июль

Нарын милициясы эл аралык жана ички издөөдө жүргөн жарандарды кармады

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кырдаалдык борборунун кызматкерлери тарабынан жүздү таануучу камеранын жардамы менен эл аралык издөөдө жүргөн бир жаран жана издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармашты.

Кармалгандар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, алардын өздүгү жана кылмыш иштерине байланышы боюнча териштирүү жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.