Отун-энергетикалык комплекси тармагында электрондук лицензияны кантип алууга болот?
Эми Отун-энергетикалык комплекси тармагында лицензияны Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин расмий сайты аркылуу толугу менен онлайн-форматта алууга болот.
Өтүнмө берүү тартиби:
1. Расмий сайтка өтүңүз: https://regultek.gov.kg
2. «Реестр» → «Тапшыруу» бөлүмүн ачыңыз.
3. Бирдиктүү идентификация системасы (БИС / ЕИС) аркылуу авторизациядан өтүңүз.
4. Жеке кабинетке кирип, өтүнмө калтырыңыз.
5. Талап кылынган документтердин толук топтомун электрондук түрдө жүктөңүз.
6. Өтүнмөнү жөнөткөндөн кийин, анын статусун көзөмөлдөө үчүн электрондук почтаңызды текшерип туруңуз.
Өтүнмөнү тапшыргандан кийин эмне болот?
Өтүнмө түшкөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин адистери берилген документтерди текшерүүдөн өткөрүшөт.
Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча өтүнмө ээсинин электрондук почтасына төмөнкүдөй билдирүү жөнөтүлөт:
• электрондук лицензиянын берилгендиги жөнүндө;
• же себебин көрсөтүү менен лицензия берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө.
Суроолоруңуз калдыбы?
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментине кайрылыңыз.
Кеңеш алуу үчүн телефон: 0312 56 28 69.
