видеодон алынган кадр
11 сентябрь
Кочкор райондук сотунда оңдоо иштери: Жогорку соттун төрагасы эмеректердин сапатын сынга алды
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Кочкор райондук сотунун имаратындагы оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Негизги оңдоо иштери аяктап, эмеректер орнотулган. Бирок кароонун жүрүшүндө айрым эмеректердин сапатына байланыштуу кемчиликтер аныкталып, аларды кыска мөөнөттө жоюу тапшырылды.
Ошондой эле сот имаратынын алдындагы дубал тосмону алып салуу талабы коюлду. Кошумча курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча да тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
