Президент: Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар
26 февраль

Президент: Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар

"Кабар" мамлекеттик агенттиги 26-февралда президент Садыр Жапаров менен кезектеги маегин жарыялады.

Анда журналист президентке бир гана суроо берген — УКМКнын мурдагы төрагасы, анын саясаттагы үзөнгүлөшү Камчыбек Ташиев тууралуу. 

—Коомдук ишмер, белгилүү санжырачы Мурат Жетимишбаев маектеринин биринде президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануусун билдирди.

“Мындай тынчсыздануу, санааркоо көпчүлүктө бар” деген да оюн айтты. Эми эмне болот деп санааркай суроо салгандарга комментарий бере аласызбы?

"Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.

Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет".