“Ала-Арча” жаратылыш паркында жыл бою иштей турган родельбандын курулушу башталды
“Ала-Арча” жаратылыш паркында жыл бою иштеген родельбан курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, уникалдуу долбоор дүйнөгө белгилүү Wiegand компаниясы менен ишке ашууда.
"Анын директору Юрген Хельмут Рушке Германиядан атайын келип, капсула салуу аземине катышты", – деди ал.
Родельбандын узундугу 1200 метр болуп, 36 чана коюлат жана саатына 500 конокту кабыл ала алат.
"Быйыл биз өлкө тарыхында биринчи жолу асма жолунун курулушун баштадык. Аны дүйнөгө белгилүү “Doppelmayr” компаниясы ишке ашырууда жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул – туризмди өнүктүрүүдө чоң кадам. Бүгүн башталган Родельбандын курулушу ушул багыттагы маанилүү долбоорлордун бири", - деди Туманбаев.
