Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 15-июлда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын, өкмөттөрүнүн жана тышкы саясий ведомстволорунун деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшү боюнча пикир алышты.
Маектештер жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара бекем кызыкдар экендиктерин ырастап, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги алдыдагы сапарлардын графигин кеңири талкуулашты.
Ушул өңүттө министр элчинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, анын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын белгиледи.
Мындан сырткары, элчи Р.Жошыбаев Кыргыз Республикасын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы шайлоо өнөктүгү учурунда жана добуш берүү күнү көрсөткөн жигердүү колдоосу үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, бул шайлануу Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн маанилүү жетишкендик экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда министр Ж.Кулубаев элчи Р.Жошыбаевди эки өлкөнүн ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу жеке салымын жогору баалап "Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн" ведомстволук медалы менен сыйлады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри дипломатка үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
