Чүйдө таштанды челегинин ичинен ымыркайдын сөөгү табылды
Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 12-ноябрда саат 12:30 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Комсомольское айылындагы таштанды төгүүчү жайдан ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Бала футболкага оролуп, баштыкка салынган. Киндигинин түйүнү байланган эмес.
23 жаштагы кыз убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.
