президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү
15 июль
Талас шаарында үйлөрдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшү жаңыланууда
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын утурлай Талас шаарында 70 көп кабаттуу үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин сырткы көрүнүшүн оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иштер президенттин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, керектүү каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн.
Учурда оңдоо иштери пландын негизинде уланууда.
Облус башчысы Эрмат Жумаев Талас шаарында оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мамлекеттик имараттардын жана жеке менчик көп кабаттуу үйлөрдүн кыдырып, иштердин сапатуу жана өз убагында жасоо тапшырмасын берди.
