Райымбек Матраимовдун өкүл баласы алты жылга эркинен ажыратылды
Кара-Суу райондук соту мурдагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду мүлкүн конфискациялоо менен алты жылга эркинен ажыратты.
Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы катары белгилүү.
Ош облустук сотунун маалыматына ылайык, өкүм 13-июлда чыгарылган.
Сот аны КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү («Уюшкан топко катышуу») боюнча күнөөлүү деп тапты.
Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү абагында өтөйт.
Ошондой эле сот аны мурдагы редакциядагы Кылмыш-жаза кодекси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну уюштуруп, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген эпизоддор боюнча да күнөөлүү деп тапты. Бирок бул айыптар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза дайындалган жок.
Тергөө органдарынын версиясына ылайык, Сайпидинов 2014-жылдан тартып айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери, жер маселелери боюнча органдардын өкүлдөрү жана жеке адамдар менен биргеликте Кара-Суу районундагы социалдык маанидеги жер тилкелерин жана объекттерди мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз чыгарып турган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги бул аракеттердин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.
Мунарбек Сайпидинов 2016–2020-жылдары Савай айыл өкмөтүн жетектеген. Ал 2025-жылдын август айында Новосибирск шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.
