КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү
10 октябрь

КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү

КР Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кызматтын негизги багыты - аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздаган мамлекеттик орган катары иш алып баруу болуп саналат.

Кызмат коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам жана так маалымат жеткирүү, ошондой эле жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу максатында расмий маалыматтык ресурстарынын ишин баштады.

Расмий сайты: https://ssi.gp.kg