Бишкекте жаңы жылдык каникулда балдар менен кайда барууга болот?
1 январь

Бишкекте жаңы жылдык каникулда балдар менен кайда барууга болот?

Жаңы жылдык каникул – бул шаар ыргагы өзгөрүүгө учураган мезгил: көчөлөр жарыкка чулганат, абада керемет ойноп жүргөндөй болот, а ата-энелерге балдарына убактысын арноого мүмкүнчүлүк жаралат.  Майрам күндөрү балаңызга кубаныч, кыймыл жана жаңы таасирлерди тартуулай турган жайлар Бишкекте жетиштүү. Каалооңуздагынын баары бар: башкы балатынын жанындагы кубанычтуу ызы-чууга толгон майрамдардан баштап, жайлуу спектаклдерге жана таза абада активдүү эс алууга чейин. Караван-Инфо агенттиги кышкы каникулду үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн чындап эсте калаарлык кылууга жардам бере турган жайлардын тизмесин даярдады.

1. Өлкөнү башкы балатысы

Бишкекте майрамдык маанай салтка айланып калгандай Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыдан башталат. Мейкиндик ачык иллюминация менен кооздолуп, фотозоналар иштейт, а балдар үчүн муз аянтчасы жана тамактануучу жайлар бар. Мында аянтка бут таштаар менен майрамдык маанай дароо жаралат.

2. Муз аянтчалары

Кышында Бишкекте жана анын айланасында үй-бүлө менен күндү активдүү өткөрүүгө мүмкүн болгон муз аянтчалары иштейт. Көп аянтчалар конькилерди ижарага беришет жана алар муз үстүндө жаңы тургандар үчүн да, ишенимдүү тепкендер үчүн да ылайыктуу.

3. “Евразия” паркы

Эң бир популярдуу локациялардын бирине Орок айылындагы “Евразия” паркы айланды. Бул жерде балдарды тюбинг, Аяз Атанын үйү, “Түндүк жаркырагы” кышкы жарманкеси, цирк оюндары, аттракциондор жана тамактануучу жайлар күтөт. Паркка кирүү жана аттракциондорго түшүү акысыз, бирок алдын ала онлайн-жазылуу аркылуу баруу керек, муну сөзсүз эске алыңыз. 

4. Көңүл ачуучу үй-бүлөлүк борборлор

Суук аба ырайында жабык эс алуу борборлору сейилдөөгө эң сонун альтернатива болуп берет. Оюн зоналары, лабиринттер, батуттар жана интерактивдүү аянтчалар балдарга энергиясын чыгарууга, а ата-энелерге аба ырайындагы өзгөрүүлөргө бушайман болбой тынч эс алууга жардам берет.

5. Кинотеатрлар

Каникул учурунда шаардагы кинотеатрлар салтка айланып калгандай репертуарларын жаңылайт, балдар жана өспүрүмдөр үчүн жаңы жылдык тасмаларды жана мультфильмдерди сунуштайт. Киного үй-бүлө менен баруу кышкы күндү чогуу өткөрүүнүн эң жөнөкөй жана жайлуу ыкмаларынын бири.

6. Театралдык спектаклдер

Майрамдык программада театр сүйүүчүлөр үчүн да орун бар. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында “Учуучу корабль” (“Летучий корабль”) музыкалык жомогу көрсөтүлүүдө. Майрам күндөрү билеттерге суроо-талап жогору болгондуктан, баруудан мурун көрсөтүүлөрдүн графигин тактап алуу сунушталат.

7. Таза абадагы активдүү эс алуу

Эгерде аба ырайы жакшы болсо, шаардык парктарга же Бишкектен алыс эмес жердеги лыжа трассасына барууга болот. Таза абада сейилдөө, жылгаяк же лыжа тебүү жана ойноо балдарга активдүү болууга, ден соолугун чыңдоого жардам берсе, а улууларга шаар түйшүгүнөн аз да болсо арылууга өбөлгө болот.

Ата-энелерге кеңеш

Үй-бүлөлүк эс алуу боюнча адистер популярдуу локацияларга барууну алдын ала пландоону сунуштайт, бул кезек күтүүдөн жана ажиотаждан куткарат. Активдүүлүктү тандоодо баланын жаш курагын жана физикалык даярдыгын эске алуу маанилүү – бөбөктөр үчүн коопсуз оюн зоналары ылайык жана сөзсүз түрдө улуулар коштоп барышы керек.

Жаңы жылдык каникул – бул жөн гана дем алыш эмес, ошол эле учурда балдарга көңүл буруу, эмоция жана жылуу эскерүүлөрдү тартуулай турган учур. Башкысы, сиздин үй-бүлөңүзгө ылайыктуу жана майрамдык маанай жарата турган эс алуу форматын тандоо зарыл.