Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
17 сентябрь

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-сентябрда болжол менен саат 04:01де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу – Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышты карай 42 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-батышты карай 115 чакырым аралыкта орун алган.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген жок.