Кыргызстандагы турак жайлардын 30%га жакыны гана камсыздандырылган
www
10 июнь

Кыргызстандагы турак жайлардын 30%га жакыны гана камсыздандырылган

2015-жылдан бери турак жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам күчүндө болгонуна карабастан, Кыргызстанда үйлөрдүн болгону 30%га жакыны гана камсыздандырылган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 1,3 миллионго жакын турак үй катталган. Бирок алардын үчтөн бир бөлүгү гана камсыздандыруу полиси менен камтылган.

«Табигый кырсык болуп, 100 үй жабыркаганы тууралуу маалымат түшкөндө, адатта алардын болжол менен 30у гана камсыздандырылган болуп чыгат», — деди Осмоналиев.

Анын белгилешинче, көптөгөн жарандар камсыздандырууну кийинчерээк жасайм деп жылдырып жүрүшөт же өздөрүн өзгөчө кырдаалдарга кабылбайм деп эсептешет.